Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Миң-Куш шаарындагы көмүр шахтасында эки киши каза болду


Нарын облусунун Жумгал районундагы «Ак-Улак» көмүр кесиминин узак убакыттан бери иштелбей турган «Туура-Кабак» шахтасынын 2-аймагында көмүр казып жаткан жеринен эки адам көмүр астында калды. Алар 1975-жылы туулган Нурбек Акышев жана 1993-жылы туулган Элзар Мурзабеков. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, көптөн бери иштебей, тосмолору жок турган шахта алардын үстүнө көчүп түшкөн. Элтурган Турсуналиев шахтанын кире бериш жагында болгондуктан аман калган. Ал эми каза болгон эки кишинин сөөгү экскватор жана жумушчулардын жардамы менен эки сааттан соң чыгарылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG