Газа тилкесине гуманитардык жардам алып бараткан Ливиянын кемеси эларалык суу аймагында турат. Айрым кабарларга караганда, кеменин негизги кыймылдаткычы бузулуп калган. Ошондуктан ал азыр Газага кете береби, же Египеттин Ал-Ариш портуна карай бет алабы – белгисиз. Израил кемени баары бир Газага киргизбегенге аракет кылаарын билдирди. Эки ай мурда Газага ушундай эле жардам алып жөнөгөн Түркиянын кемесине жөөт аскерлери чабуул коюп, 9 адам набыт болгон эле.