Ирандын президентинин расмий өкүлү Эсфандияр Рахим Машаэл 12-июлда Душанбе шаарында билдиргенине караганда, Өзбекстан Тажикстанга келаткан темир жол каттамын өткөрбөй жаткандыктан, Иран куруп жаткан “Сангтуда-2” ГЭСине зарыл курулуш материалдар келбей жатат. Анын айтымында, мунун айынан иштин графиги алты алга кечиктирилүүдө. Тажикстанда ГЭС курулушуна өзбек тарап каршылыгын билдирип, былтыр күздөн тарта темир жол каттамдарына блокада киргизген.