Саддам Хусейндин режими 1990-жылы Кувейтке кол салгандан бери Сауд Арапстандын учактары Иракка каттабай калышкан. Эки тарап байланышты жандандыруу боюнча жетишкен жаңы келишимге ылайык, эртең алгачкы учак Багдатка карай жол алат. Андан ары аптасына бир рейс Багдатка, экөө Басрага каттап турмакчы.