Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Ю. Тойчубеков: Тажрыйбалуу адистерге жол бериш керек


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева сунуш кылган техникалык өкмөттүн жаңы структурасы жана жаңы өкмөткө министрлерди тандоонун оош-кыйышы жөнүндө коомдук ишмер Юруслан Тойчубеков ой-пикир бөлүшөт.


-Кечээ күнү убактылуу өкмөттүн отурумунда жаңы техникалык өкмөт түзүү боюнча талаш тартыштар болгон экен. Убактылуу өкмөттүн структурасы дагы түзүлдү, мына ушул структурасы түзүлгөндөн кийин азыркы убактылуу өкмөттүн курамы автоматтык түрдө кетиш керекпи же азыркыдай талаш тартыш менен отура бериш керекпи?

- Бүгүнкү күнү биз өзүбүз референдум өткөрүп бир жарым жылга президентти шайлабадыкпы. Эми легитимдүү чети көрүнүп калды, анан ошондой болуп референдум өткөргөндөн кийин баш ийишибиз керек. Башчы болгондон кийин ал өзүнүн Жарлыктары менен көп нерсени өз иретине келтириш керек. Ошого карата жаңы өкмөт түзүлүп, биз болсо укук бергенден кийин кабыл алыш керек. Ошого карата легитимдүү өкмөт түзүлүш керек деп эсептейм.

-Ал эми убактылуу өкмөттүн азыркы айрым мүчөлөрү ээлеп турган кызматтарынан кетпегендей түр көрсөтүп атат, бул эмнеден сыр берет?

- Биринчиден, биз өкмөттүн структурасын карап көрсөк, кээ бир өзгөрүүлөр кириптир. Мен ойлоймун, жакшынакай өзүнчө жаңылык болду. Мисалы Маданият министрлиги жоюлуп кайра тузүлбөдүбү, бул абдан жакшы көрүнүш.

Экинчиден, жаштар арасындагы министрликти болобу-болбойбу деп көп киши талкуу кылды эле, мунун дагы түзүлгөнү абдан жакшы болду. Үчүнчүдөн, суу боюнча мамлекеттик комитет түзүлбөдүбү, бул дагы абдан жакшы көрүнүш. Структура түзүк эле болду.

Анан кээ бирлердин техникалык өкмөт экен дегендери бул жөн эле шылтоо. Жанагы Жарлык чыккандан кийин, мурда сөз бергенден кийин сөзсүз бошотуп берип, боло турган шайлоо административдик ресурстарды пайдаланбай ачык-айкын калыс өтүш керек.

Бул мындай өтүш үчүн сөзсүз өзүнүн ишин тышташы керек. Биздин Кыргызстан кадрларда абдан эле бай, алардын ордуна тажрыйбасы бар элге, таанымал кишилер келет го деген ишенимдемин.

-Мына сиз айткандай 17 министрлик, эки комитет түзүзүп, ошолорго келген кызматтагы адамдар эки жарым айлык мөөнөттө иштеп беришет. Сиз айткандай тажрыйбага бай адистер бар. Ошондой эле кооптонуу да болуп атат, тааныш аркылуу жетекчилер келип калышы мүмкүн деген, ушундай кооптонуу жокпу?

- Бүгүнкү күнү биздин жаңы Конституция түзүлгөндөн кийин, сиз айткандай болот көп нерсе. Себеби биз бүгүнкү күнү кайсыл партияга добуш беребиз. Ал партиянын премьер-министри келгенден кийин ал өзү тааныган, өзү билген жакын адистерди коюш керек жана коет.

Биздин Кыргызстанда абдан жаман тажрыйбабыз бар. Ой жүгүртүп көрсөк, тээ илгери Усубалиев бийликке келгенде Раззаковдун кадрларынын бардыгын тазалаган. Андан кийин анын ордуна Масалиев келип, Усубалиевдин кадрлары жаман деп айдаган. Анан Акаев келгенден кийин булар кызыл директорлор деп туруп бүт Масалиевдин кадрларын талкалады. Бакиев келип алып алардын бардыгын айдады.

Убактылуу өкмөт келгени көрбөдүкпү, 90 депутатты бүт губернатор, акимдерди, министр анын орун басарларын айдабадыбы. Эми мен ойлойм жок дегенде азыр эң негизги талап, министрлерге өзү ала турган багытты билген адистер келсе абдан эле жакшы болот эле.

-Мына ушундай өзгөрүүлөр алдыда келе жаткан күздөгү оруп жыйноого, кыш күрөөгө кандай таасирин тийгизет болду экен?

- Биринчиден, эки айдын ичинде бир нерсени жасап жибериш өтө кыйын. Эң негизгиси, шайлоону тынч өткөрүп берсе, андан ары жакшы өкмөт келип алып кетпесе. Себеби жаңы киши келгенден кийин ал ошол министрликтин өзүнүн шарты кандай, ал жерде иштеп аткан адистер кандай, бардыгын тааныганча эле кеминде бир жыл убакыт керек.

Ошого карата туура эле ат койду техникалык деп. Келип алып болуп аткан нерсени бузбай, иштеп аткан адистерди жетектеп алмаштырып жибербей, шайлоону өткөрүп берсе андан ары келген министрлер өзгөртүп кетпесе, бир нерсени кыларына менин көзүм жетпейт.

XS
SM
MD
LG