Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Ч.Жакупова: Түштүк талаа командирлеринин өлкөсүнө айланып баратат


Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кечээ Бишкекте бир катар партиялар, коомдук уюмдар өткөргөн бийликке алдыдагы жүз күндө жасалуучу негизги иштер тууралуу өткөргөн тегерек үстөл жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын түштүк аймагы көзөмөлдөн чыгып, талаа командирлеринин өлкөсүнө айланып калды.

“Республиканын түштүгү кыйрап, бийлик жок. Ал жерде жарандык коомдун өкүлдөрү укук коргоо органдарынан коркуп турган чакта, саясий төбөлдөр биргелешип жарандык коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна, партияларына парламенттен орун бөлүштүрүп отурушат”,-деди Ч.Жакупова.

Ал өз сөзүндө өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу турганын айтып, жыйынга катышып отургандарды шайлоо, папке талашуу оюндарына берилбөөгө, мамлекетти сактап калууга чакырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG