Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Ысык-Көлдө "Кадыр түн" фестивалы өтөт


“Кадыр түн” фестивалы буга чейин бир нече ирет уюштурулган. Анда белгилүү ырчылар жана жаңыдан чыгып келе жаткан өнөрпоздор катышып, чыгармачылык дараметин сынап көрүшкөн. Иш-чаранын алгачкы лауреттары катары эл артисти Гүлнур Сатылганова, Гулнара Тойгонбаева, Актан Исабаев, Жанета Бобкова жана башка өнөрпоздорду айтсак болот. Аты аталган таланттар эми бул жолку фестивалда конок катары катышат. Буга чейин тандоо туру өтүп, катышуучулардын тизмеси түзүлгөн.

Уюштуруучулардын айтуусунда бул жолку сынакта жаш таланттарга басым жасалат. Башкача айтканда алардын чыгармачылыгына шык берүү максаты каралган. “Кадыр түн -2003” фестивалынын баш байгесинин ээси, эстрада ырчысы Жанета Бобкова аталган иш-чара ага жакшы таасир этип, өсүшүнө түрткү бергендигин айтат:

-Мен 10 жашымдан тартып ар кыл фестивалдарга катышып келгем. Бул фестиваль менен чыгармачылыгымдагы алгачкы жеңиш болду жана жакшы ийгиликтерин алып келди. Андан кийин да эл аралык фестивалдарга катышып келдим.

Ал эми фестивалда катышуучулардын дараметин сынап баасын берчү калыстар тобу белгилүү өнөрпоздордон түзүлгөн. Атай кетсек төрагасы профессор, улуттук концерваториянын жетекчиси Муратбек Бегалиев. Андан сырткары акындар, эстрада ырчылары жана башка белгилүү ишмерлелер бар. Ал эми фестивалдын байге фонду 450 миң сом экендигин билдирет Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаев:

-Фольклор боюнча баш байгеге 100 миң сом, эстрада боюнча баш байге 100 мин сом. Биринчи орун 50 миң, экинчи орунга 30, үчүнчү орунга 20 миң. Андан сырткары көрүүчүлөр тараптан коюлган байгелер бар.

Жаш ырчы, эл аралык Славян базары” фестивалынын лауреаты Ненанын пикиринде мындай иш-чаралар жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнорпоздор үчүн жакшы таасирлерин бере:

-Мындай фестивалдар бизге керек. Анткени көпчүлүк чоң сахнада өздөрүн алып жүрө албайт. Ал эми сынак өзүн ар тараптан ачканга жардам берет.

Фестивалга Казакстандан да чыгармачыл топтор чакырылган. Ошондой эле маалымат каражат өкүлдөрү келет. Муну менен Кыргызстанга туристтерди тартуу максатын көздөп жатабыз дейт Рыскул Боронбаев.

“Кадыр түн -2010” фестивалы Чолпон-Атадагы ат майданында 17-18-июль күндөрү өтөт.
XS
SM
MD
LG