Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Роза Отунбаева ислам окумуштуулар кеңешин кабыл алды


Ислам окумуштуулар кеңешинин башкы катчысы Али Мухиддин Карадахи башында турган делегация менен болгон жолугушууда президент Роза Отунбаева өкмөттүн жаңы түзүмү, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын себептери жана мааниси туурасында маалымат берди.

А.Карадахи өз кезегинде Кыргызстандын тынчтыгы үчүн элдешүү аракеттерин жүргүзүүгө салымын кошкусу келерин билдирди. Ал Ислам окумуштуулар кеңеши Кыргызстандын түштүгүндөгү тургундардын көйгөйлөрүн чечүүгө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен араб өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддоруна кайрылууга даяр экенин да айтты. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG