Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Ош комендатурасы бейөкмөт уюмдардын маалыматын четке какты


Ош облусунун комендантынын маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда Ош областы жана Ош шаарында дары-дармектер жетиштүү, бардык медициналык мекемелер адаттагы эле режимде иштеп жатышат. Өзбек улутундагы жарандарды жумуштан айдоо же жумушка албоо фактылары катталган эмес. Ошондой эле негизсиз жумуштан алуулар боюнча укук коргоо органдарына арыздар келип түшкөн эмес. Учурда “Жаштык” лагеринде мурун батирде жашап келишкен 22 үй-бүлө жашоодо. Укук коргоо органдары коомдук тартипти сактоо боюнча оперативдүү-профилактикалык чараларды улантууда жана жасалган иштер боюнча маалымат күн сайын берилип жатат.

Бүгүн түштүктөгү коомдук-саясий абалга мониторинг жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын мобилдүү тобу 3-июлдан 10-июлга чейин түштүктө болуп, абал дагы эле оор бойдон калып жатканын билдирген. Алар шаардын айрым микрорайондорунда дагы эле жолдор бек экендигин, укук коргоо органдары тарабынан элдеги курал толук чогултулуп бүтө электигин кабарлашкан. Ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча көзөмөл жоктугун айтышкан. Бул тууралуу "АКИ-пресс" маалымат кызматы жазып чыккан. (AzK)

XS
SM
MD
LG