Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

АКШ мамкатчысынын орун басары Ж. Стейнберг Бишкекке келет


АКШнын мамкатчысы Хилари Клинтондун орун басары Жеймс Стейнберг 18-июлда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуулар АКШ тараптын демилгеси алдында өткөнү жатат. Стейнберг бул иш сапары алкагында кыргыз бийлиги жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, АКШ мамкатчысынын орун басары “Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик борборунда да болоору күтүлүүдө. Стейнберг Кыргызстанга болгон иш-сапары тууралуу журналисттер үчүн жекшемби күнү маалымат жыйынын өткөрмөкчү. (EK)

XS
SM
MD
LG