Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Түркия Иран менен Батыштын сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого ынтызар


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

БУУнун коопсуздук кеңешинде Иран резолюциясына каршы добуш берген Түркия, Иран менен Батыштын ортосунда өзөктүк кризис тууралуу кайра башталат деп турган сүйлөшүүлөргө иштиктүү түрдө катышууга ынтызар.

Ирандын өзөктүк программасынан келип чыккан эл аралык кризисте Ирандын тарабын колдоп, Коопсуздук Кеңешиндеги резолюцияга Бразилия менен биргеликте каршы добуш берген Түркия, Иран менен Батыштын ортосунда кайра баштала турган сүйлөшүүлөрдө колдон келген бардык көмөктү көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Анкара Иран маселесине аралашпай турууга маакул болду деп америкалык бир расмий кызматчынын айткан сөздөрүн төгүндөп, эгерде тараптар кааласа Түркия сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин баяндады. Ысымын атагысы келбеген расмий бир кызматчы “сүйлөшүүлөргө Түркиянын да катышуусу шарт эмес, бирок Иран Түркиянын катышуусун каалап жатат. Эгерде талап келсе Анкара аны ойлоп чыгат” деп көрсөттү.

Белгилүү болгондой, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия кошулган топтун өкүлү саналган, ЕБ тышкы карым катнаштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Кетрин Аштон Иран менен өзөктүк кризис боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайра башталуусун принцибинде кабыл алганын жарыялады. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Португалиянын борбор калаасы Лиссабондо айткан сөзүндө сүйлөшүүлөр сентябрь айында башталышы мүмкүн экенин, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү алып бара турган Вена тобуна Түркия менен Бразилянын да катыша турганын билдирди. Ал сөзүн улантып, бул токтом Вена тобунун катарындагы АКШ, Россия жана Франция тарабынан кабыл алынганын ырастаса дагы, аталган топ бул кабарды али тастыктаган жок. Бирок Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Моттакинин айткан сөздөрүн төгүндөп, сүйлөшүүлөргө Түркия менен Бразиля катышпай турганын айтты.

Бразиля менен Түркия 17-маида Иран менен уран алмашуу келишимине кол коюшту. Ошондо кабыл алынган ‘Тегеран декларациясында’ Иран колундагы аз байытылган уранды Түркияга жиберип, анын ордуна батыштан 20 пайыз байытылган уранды алууга макул болгону айтылат. Бирок Обама администрациясы келишимге карабай, Иранга кошумча санкцияларды жарыялоо жөнүндөгү резолюциянын долбоорун Коопсуздук Кеңешине жиберди. Түркия менен Бразилия каршы добуш берди жана Анкара менен Вашингтондун ортосунда чакан кризис келип чыкты. Ошондо айткан сөзүндө Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Коопсуздук кеңешинде каршы добуш берүүнүн чоо-жайын түшүндүрүп, бул Түркия үчүн бир абийир маселеси болуп калганын бышыктады:

Биз үзүлүп калган сүйлөшүүлөрдүн кайра башталышы үчүн Бразилия менен бирге колдон келгендин бардыгын жасай беребиз,”- деди Премьер-министр.

Анкара ошентип өзөктүк кризис менен байланыштуу таштаган кадамынан жазбай турганынын четин чыгарган болчу. Кабарлар көрсөтүп олтургандай, Тегеран менен Вена тобунун ортосундагы сүйлөшүүлөр сентябрда баштала турган шекилдүү. Бирок анда Түркиянын кандай роль ойной турганы бүдөмүк болуп турат.

XS
SM
MD
LG