Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Апрелдеги кан төгүлгөн окуялар боюнча 19 кишиге айып тагылууда


Бүгүн президенттик администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин катышуусунда 7-апрелде жакындарын жоготкондорго социалдык колдоо көрсөтүү боюнча комиссия жыйыны өттү. Анда апрель окуялары боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөө иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Баш прокуратуранын өкүлү Учкун Каримов билдиргендей, апрель окуялары боюнча 19 киши жоопкерчиликке тартылды. Алардын тогузу кармалып, төртөө үй камагында, ал эми алтоо издөөдө жүрөт.

Мындан тышкары бүгүн өткөн жыйында “7-апрель Эл эркиндиги” кайрымдуулук коруна түшкөн каражаттар тууралуу билдирүүлөр жасалды. Кор төрагасы Роман Касымов демөөрчүлөрдөн 1 млн. 801 миң сом жана 7 миң 100 АКШ долларында акча түшкөнүн билдирди.

Каржы министрлигин өкүлү Динара Шайдиева 7-апрелде жакындары каза болгон үй-бүлөлөргө жардам көргөзүү максатында ачылган банктык эсепке 14 млн. сом түшкөнүн билдирди.

Калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгуль Рыскулова апрелде маркум болгондордун туугандарынан мамлекеттик кызматка тартылуу арызы менен кайрылгандар болуп жаткандыгын, бул арыздар жакында Мамлекеттик кадрдык кызматка жолдонооорун маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG