Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

М. Турганбаев: Жалал-Абадда кармалгандардын укугу бузулган жок


Бул тууралуу 16-июлда маалымат жыйынын курган ички иштер министринин 1- орунбасары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, эл аралык укук коргоо уюмдарынын кармалган өзбек тектүү адамдар зомбулукка туш болууда деген маалыматтары жүйөөсүз. Себеби андай укук коргоо уюмдары Жалал-Абадда боло элек. Кылмышка шектүүлөр улутуна карабай кармалган. Алар адвокат, тергөөчүлөрдүн чечими алдында туугандары менен жүздөшүүдө. Кармалгандарга мыйзамсыз мамиле кылган тартип сакчыларына чара көрүлөт. Ушутапта Жалал-Абадда кырдаал тынч, эки элдин достошуп, бирге жашоосуна тоскоолдук кылган күчтөр бар. Соңку аптада 7 оор кылмыштын бети ачылды. Май, июнь тополоңдоруна байланыштуу 62 адам кармалган, 72 киши каза болгон жана бир кишинин ким экени билинбей атат. Дайынсыз жоголгон беш адамдын экөөсүнүн сөөгү табылды. Мурда аскер бөлүктөрүнөн алынган курал-жарактар ыктыярдуу тапшырылууда, - деп айтты маалымат жыйынында министрдин 1- орунбасары Мелис Турганбаев.

Буга чейин адам укуктарын коргоочу эл аралык Хюман Райтс Уотч уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоң окуялардан кийин кармалган өзбек тектүү жарандар кыйноолорго кабылып жатканы тууралуу билдирүү тараткан эле. (YA)

XS
SM
MD
LG