Түркия, Катар, Орусия, Египет сыяктуу мамлекеттерден келген жыйырмадан ашуун ислам аалымдары Ош менен Жалал-Абад облустарын кыдырышууда. Кечээ Ош облусун кыдырышкан ислам аалымдары бүгүн Жалал-Абад облусуна келишти. Алар өлкө түштүгүндөгү ири мечиттерге барышып, жергиликтүү элди биримдикке чакырышууда. Ош жана Жалал-Абаддагы элди тынчтыкка чакыруу максатында Кыргызстанга келишкен ислам аалымдарын Катар мамлекетинен келген доктор Али Карадаги баштап жүрөт. (IJz)