Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

УКК: Кармалган көзгө атарлардын ону чет элдиктер


Бул маалыматты Улуттук Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” бүгүн тастыктады. Анын айтымында, аталган кызматтын ыкчам иликтөө тобу Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңду уюштурду деген шек менен элүүдөн ашуун адамды камап, кырктан ашууну учурда камакта. Алардын ичинен он адам чет элдиктер.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев кечээ, 17-июлда маалымат жыйынында кармалган чет элдик көзгө атарлардын тагдыры жакшы болбой турганын, иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен алардын жаза мөөнөтү аныкталарын белгилеген. К.Дүйшөбаев чет элдик жарандардын кайсы лагерлерде машыгып, кандай жолдор менен Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат бар экенин айтып, бирок тергөө амалдарына байланыштуу жана өлкөдөгү туруктуулуктун сакталышы үчүн алардын кайсы өлкөлөрдөн экенин азырынча ачыктаган жок.

Маалыматка ылайык, УКК түштүктөгү тополоңго байланыштуу массалык башаламандыкты уюштуруу, адам өлтүрүүгө чакырган деген фактылар менен 20 кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG