Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Р. Отунбаева Ж. Стейнберг менен коопсуздук маселелерин талкуулады


Президент Роза Отунбаева бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стейнбергди кабыл алды. Эки тарап Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу, жаңжалды кайрадан болтурбоо, жаатташкан эки элди элдештирүү аракеттери жана жалпы эле коопсуздук маселелелери боюнча сүйлөштү. Ж. Стейнберг өлкөнү турукташтыруу жаатында АКШ колдон келген бардык аракеттерин көрө турганын кабарлады. Ал референдумдун ийгиликтүү өтүшүн элдин тополоңду экинчи ирээт болтурбоо аракети катары баалады. Анын айтымында, президент менен жолугушуу учурунда “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борбору туурасында маселе көтөрүлгөн жок. Өз кезегинде Р.Отунбаева АКШ өкүлүнө келечектеги пландар, жакынкы убактагы кабыл алынчу программалар тууралуу маалымат берди.

Ж.Стейнберг Кыргызстанга бүгүн эртең менен келген. Буга чейин ал Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө болуп, бул эки өлкөнүн башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG