Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Клинтон Түштүк Азияга сапарын Пакистандан баштады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон коңшулаш Ооганстандагы согушта ооган-пакистан кызматташтыгынын маанисин өзгөчө белгилейт деп күтүлүүдө. Андан сырткары, Исламабадга Америкадан көрсөтүлчү экономикалык жардам жөнүндө айтмакчы. Бүгүн кечинде мамкатчы өлкөнүн премьер-министри Юсуф Реза Гелани жана президент Асиф Али Зардари менен сүйлөшөт. Эртең болсо өлкөнүн саясий, аскерий жана ишкерий чөйрөлөрүнүн лидерлери менен жолугушаары айтылган. Шейшембиде Клинтон Ооганстан боюнча эларалык конференцияга катышуу үчүн Кабулга жөнөп кетмекчи.

XS
SM
MD
LG