Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Каирде төрт тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү


Египет президенти Хосни Мубарак адегенде Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху,андан соң Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Жорж Митчел менен жолугушту. Негизинен бир маселе - Израил менен палестин бийликтери ортосундагы тикелей сүйлөшүүлөрдү жандантуу мүмкүндүгү талкууланды. Египеттин тышкы иштер министри ырастагандай, эки тарап азырынча мындай сүйлөшүүгө даяр эместиги аныкталды. Ушул эле күнү Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Израилди Газаны камалоону токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG