Жергиликтүү шийиттердин мечитинде жан кечти бомба жардырып, бери дегенде он эки кишини жайран кылды. Соңку кездери сүннү мазабына кирбеген мусулман мечиттерине кол салган учурлар күч алды. Июлда эле суфийлердин мечитинде - 40, майда ахмадийлер мечитинде – 80 киши жанкечтилердин колунан мерт болду.