Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Айрым энергетикалык ишканалар улутташтырылды


Бүгүн президент Роза Отунбаеванын төрагалыгы астында өтүп аткан Убактылуу өкмөттүн жыйынында айрым энергетикалык ишканалар мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Күн тартибине ылайык Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров декрет долбоорун сунуштап, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомуна таандык “Нарынгидроэнергострой” ишканасынын 96 пайыз акциясын, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ишканасынын 71 пайыздан ашуун акциясын улутташтыруу маселеси каралды. А.Бекназаровдун айтымында, аталган объекттердин акциялары мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кеткен. Жыйынтыгында аталган декреттин долбоору жактырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG