Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

АКШ мамкатчысы Пакистанга көмөк долбоорлорду сунуштады


АКШ мамлекеттик катчысы Х.Клинтон Пакистандагы сапары учурунда суу, отун-кубат жана саламаттык сактоо тармактары боюнча бир катар көмөкчү долбоорлорду сунуштады. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мухмуд Куреши менен жолугушууда Х.Клинтон коопсуздук боюнча кызматташуу АКШ-Пакистан алакасынын бир гана чети экендигине ынандырды. Айта кетсек, АКШ Пакистанга эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн гана өнөктөштөй таасир калтырап келгени белгилүү.

АКШ мамкатчысы Х.Клинтон Түштүк Азиянын төрт өлкөсүнө болгон сапарын 18-июлда Пакистанда баштаган. Сапар андан ары Ооганстан, Түштүк Кореяда уланып, Вьетнамда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG