Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн Ош шаарына Даниянын борбору Копенгаген шаарынан 40 тонналык гуманитардык жардам келди. Гуманитардык жардам медициналык каражаттардан турат. Ага акушерлер үчүн жабдыктар, диареяга каршы дары-дармектер, боюнда бар аялдар жана 5 жашка чейинки балдар үчүн витаминдер жана эмчектеги балдар үчүн кошумча азыктар кирет. Аталган гуманитардык жардам Ош жана Жалал-Абад облустарына бөлүштүрүлмөкчү. (IJz)