Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Вашингтонго бүгүн британ премьери келет


Дэвид Кэмерон британ өкмөтүнүн башчысы катары чет өлкөдөгү биринчи визитин АКШдан баштады. Ак үйдө президент Барак Обама менен боло турган сүйлөшүүлөрдө Мексика булуңундагы British Petroleum компаниясына караштуу мунай скважинасындагы кырсык башкы тема болгону жатат. Мындан тышкары Шотландиянын үстүндө АКШнын жүргүнчү учагын жардырып, өмүр бою түрмөгө кесилип, бирок былтыр абактан бошотулган ливиялык ал-Меграхинин иши да козголушу ыктымал. Ливиялык агентти шотланд бийликтери былтыр ден-соолугуна байланыштуу түрмөдөн чыгарып жиберген эле. Буга British Petroleum компаниясы көмөкчү болгон дешет. Кэмерон ливиялык агенттин бошотулушун "каталык" деп атады.

XS
SM
MD
LG