Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34

Түштүктөгү коогалаңдан каза болгондордун саны 316 адамга жетти


Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Роза Отунбаева болсо Оштогу иш сапарында каза болгондордун саны расмий маалыматтан кыйла көп болушу мүмкүн экендигин айткан.
Аталган министрликтин 19-июлдагы маалыматына караганда, июндагы кагылышуудан Ош, Жалал-Абад облустарында 2325 адам медициналык жардамга кайрылышып, алардын 1081и ооруканада дарыланышкан. 1243 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда оор жаракат алгандардын 34ү ооруканаларда дарыланууда. Ал эми каза болгондордун 90,4 пайызын эркектер, 7,5 пайызын аялдар, балдар болсо 1 пайызды түзгөн. Ош облустук соттук-медициналык бюродо аты-жөнү такталбаган 3 сөөк жатат. Жалал-Абадда аты-жөнү белгисиз, таанылбаган бир адамдын сөөгү жерге берилген. (AJ)

XS
SM
MD
LG