Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Президент Д.Миятович менен жолугушту


Президент Роза Отунбаева Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Ииятович менен жолугушуп, өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатында сүйлөштү.

Д.Миятович президентке Кыргызстанга келүү максатын түшүндүрүп, кыргыз бийлигине сөз эркиндигин бекемдөө жаатында ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал бийликтин коомдук теле канал түзүү боюнча кадамы колдоого татырлык экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Роза Отунбаева Кыргызстанда демократиялык процесстер токтобой турганын, азыркы бийлик өзү мурдагы бийликтер тушунда сөз эркиндигинин жоктугунан жапа чегип келгенин билдирди. Президенттин айтымында, азыркы өкмөт маалымат айдыңы жаатындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун да билет. Андан тышкары тараптар бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү, оболу журналисттер үчүн окууларды уюштуруу, көз карандысыз маалымат каражаттарын өнүктүрүү жаатында иштерди баштоо боюнча пикир алышышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG