Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Ош комендатурасы: Бейөкмөт уюмдардын ушак-айыңга тиешеси бардыгы билинүүдө


Ош аймагынын коменданты Рахматулло Ахмедовдун айтымында, Оштогу бейөкмөт уюмдардын бири «24.kg» агенттиги аркылуу 20-21-23-июлда шаардагы банктар иштебейт экен деген маалыматтарды таратып жиберген. Учурда ал адам менен укук коргоо органдары иштешүүдө.

Рахматулло Ахмедов ырасташынча, түштүк борборундагы банктар жана башка мекеме-уюмдар адаттагы режимде иштеп жатышат. Алардын эмгек тартибине эч кандай өзгөртүү киргизилген жок. Мындан тышкары коменданттык сааттын мөөнөтүн бир суткага узартуу туурасындагы кептер дагы жалган. Жашоочулар кечки саат 21.00дөн таңкы 00.06ге чейин өзгөчө режимдин тартибин сактоого тийиш. Ошентсе да, бул маселенин тегерегинде жергиликтүү тургундардан суроо-сунуштар түшүүдө, ал жакын арада өзүнчө каралаары күтүлүүдө.

Полковник Ахмедов өз сөзүндө коменданттын эски уруксаты менен жүргөн кызматкерлер аны чукул арада жаңыртууга тийиштигин, антишпесе, проблема болоорун эскертти. (ATo)

XS
SM
MD
LG