Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Ракеталык аткылоо Пан Ги Мундун Кабулга келишин кечеңдетти


Кабулдун аба бекети аткыланып, Кабулда өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга бараткан Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы менен катар, Швециянын тышкы иштер министри отурган учак түндүктөгү Баграм аба майданына конуп, жүргүнчүлөр баш калаага тикучма менен жеткирилди. Даниянын тышкы иштер министри келаткан учак Казакстанды көздөй бурулуп кетүүгө аргасыз болду.

Жыйында ооган президенти Хамид Карзай коопсуздукка, каражатка көзөмөл жаатында өлкөгө азыркыдан көбүрөөк жоопкерчилик ыйгарууга чакырды:

– Биз Ооган армиясындагы жылыштарга жогору баа беребиз. Биздин ооган улуттук коопсуздук күчтөрү бардык аскердик жана мыйзамдуулукту камсыздоо операцияларын бүт өлкө боюнча 2014-жылга чейин өзүнө өткөрүп алат деп бекем ишенем.

Карзай Кабулда өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда сүйлөдү. Ага катышкан АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жоопкерчиликти ооган жетекчилигине өткөрүп берүүнү өтө кечиктирүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Ал өлкөнү турукташтырууда алдыда дагы деле иш көп экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG