Корутунду документте алдыдагы эки жылда тике ооган өкмөтүнүн карамагына түшө турган эл аралык финансылык жардамдын көлөмү 20 проценттен 50 процентке чейин көбөйтүлө турганы айтылат. Форум ошондой эле 2014-жылдан тартып коопсуздук чөйрөсүндөгү бардык операцияларга ооган күчтөрү өздөрү жетекчилик кылсын деген сунушту колдошту.