Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Дүйнөлүк террорчулар тизмеси толукталды


Атап айтканда, АКШда төрөлгөн мусулман динаятчысы Анвар ал- Авлакини Улуттар Уюму өзүнүн ырасмий "кара тизмесине" каттады. Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечимге ылайык Улуттар Уюмунун мүчөсү саналган бардык өлкөлөр ал-Авлакинин банк эсебине камал салганга, анын эл аралык карым-катнаштарын жана курал-жарак менен соода-сатык кылышын алдын-алганга текши бирдей милдеттендирилет. Отуз тогуз жаштагы ал-Авлаки болжолдо азыр Йеменде жашайт. Ал былтыр жаңы жыл алдында АКШнын жүргүнчү учагын жардырганга аракет кылган. Улуттар Уюмунун "кара тизмесинде" 250 киши катталган, алардын баары "Ал-Каидага" жана "Талибан" кыймылына тиешеси бар.

XS
SM
MD
LG