Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Абибилла Кудайбердиев коргоо министри болду


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык Кыргызстандын коргоо министри болуп генерал-майор Абибилла Кудайбердиев дайындалды. Коргоо министрлигинин борбордук аппаратына жаңы министрди президент Р.Отунбаева өзү тааныштырды.

Буга чейин А.Кудайбердиев коргоо министринин биринчи орун басары кызматында турган. Ал эми мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков кызматынан кеткендиги тууралуу арызын кечээ жазган болчу. И.Исаков өз ордуна дагы бир орун басары Кубанычбек Орузбаевди сунуштап атканын да айткан эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG