Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ЕККУ Кыргызстанга полиция киргизүүнү жактырды


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңеши бүгүн Кыргызстанга 52 адамдан турган полициячыларды киргизүү планын колдоду.

Вена шаарындагы жыйында чыгарылган бул чечимге ылайык, аталган куралсыз полициялар Кыргызстандын Ички иштер министрлигине этностор аралык чыңалууларды калыбына келтирүүгө, аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө жардам беришмекчи.

ЕККУнун туруктуу кеңешинин төрагасы Канат Абдрахмановдун айтымында, аталган кеңешчи полиция жергиликтүү жашоочуларды трагедиялуу окуялардан кийин жоошутууда жана жергиликтүү милицияга ишенимдин артышына түрткү бермекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG