Белград эч качан Косовонун көз эгемендигин тааныбайт деп билдирди серб президенти Борис Тадич. Кечээ Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык соту Косовонун Сербиядан көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларация эл аралык мыйзамдарга каршы келбей турганын тастыктады. Соттун чечими милдеттүү күчкө ээ эмес. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон соттун бүтүмүн кубаттап, дүйнө өлкөлөрүн Косовонун көз карандысыздыгын тааныганга чакырды.