Бул тууралуу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын жетекчиси, вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 75 квартиралуу 5 кабаттуу үйдү курууга курулуш компаниялары өздөрүнүн сунуштарын кийинки аптада беришет.
“Алардын арасынан комиссия тандаган курулуш компаниясы курулушту баштайт. Беш кабаттуу үйдү курууга өкмөттөн жетиштүү каражат бөлүндү”,-дейт Ж.Сатыбалдиев.
Маалыматка караганда, Ош шаары боюнча комиссия жалпы 776 объектини текшерген. Келтирилген чыгымдын өлчөмү болжолу менен 1 миллиард 260 миллион 548 миң сомду түзөт. Ал эми Июнь окуялары учурунда Кыргызстандын түштүгүндө 1817 жеке менчик үй, 221 соода түйүнү, 118 мамлекеттик имарат, 15 инфраструктуралык жай жабыркаган. Келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы 2 миллиард 659 миллион 695 миң сомду түзгөн. (AJ)