Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

Ошто гумжардам алуу үчүн ар кандай шылуундукка барган фактылар катталууда


Ош комендантынын маалымат кызматынын билдиришинче, айрым бир адамдар гуманитардык жардам жана акча каражатын алуу максатында жакындарын жоготтук деген жалган арыздарды берүүдө. 2000-жылы төрөлгөн Кудайберген Аттокуровдун атасы уулун жоголду деген арыз менен 6500 сом өлчөмүндөгү гумжардам жана 430 доллар акча алган. Мындан тышкары июнь окуяларына тиешеси жок дайынсыз жоголгондор боюнча да арыздар түшүүдө. Дайынсыз жоголду деген Абдыгул кызы Гульбарак оперативдүү иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2009-жылдын декабрь айында үйдөн чыгып кетип, табылбай калгандыгы аныкталган.

10-июндан 22-июнга чейин Ош облусунун укук коргоо органдарында дайынсыз жоголгондор боюнча 114 арыз катталган. Алардын 57синин кайда экендиги аныкталып, 29 тирүү табылган. Учурда 28 киши дайынсыз бойдон калууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG