Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Эл аралык донорлор миссиясы Кыргызстанга берилчү жардамды аныкташат


Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, донордук миссиянын өкүлдөрү буга чейин Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн экономиканын маанилүү тармактарын белгилеп алгандыктарын билдиришкен. Алардын бирдиктүү экономикалык баа берүү боюнча баяндамасы Бишкекте 27-июлда өтчү жыйында жарыяланат. Экономист Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ал жетектеген эксперттик топ бир ай мурун Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүгө 1 миллиард сом каражат керек болоорун аныкташкан.

БУУ жана ЕККУнун комиссиясы текшерүү иштеринин жыйынтыгында бул сумманы бекитип, анын 40 пайызын грант түрүндө, калганын жеңилдетилген узак мөөнөттүү кредит түрүндө берүү сунушун айтышкан. 27-июлда эл аралык каржы уюмдары тарабынан көрсөтүлчү жардамдын көлөмдөрү талкууланат. (AzK)

XS
SM
MD
LG