Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө 3 мал сарай өрттөндү


24-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар мал сарайга өрт коюшкан. Ноокен райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдишариф Оморовдун билдиришинче, короо ичинде салынган 3 сарай өрттөнгөн. Ал эми жабыркаган жергиликтүү тургундардын айтымында, 6 мал сарай өрттөнгөн. Алар өздөрү экөөнү өрт өчүрүүчүлөр келгиче өчүрүп үлгүрүшкөн.

Учурда бул факт боюнча облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG