Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Cанитардык-эпидемиологиялык тазалоо иштери жасалууда


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпы 24 миң 682 квадрат метр жер санитардык тазалоодон өттү. Инфекциялык оорулардын очогу болушу мүмкүн делген жерлер дезинфекциялык каражаттар менен тазаланууда. Өзгөчө таштандыларды тазалоого, коомдук тамактанчу жайларды, талкаланган, өрттөнгөн имараттарды жана үйлөрдү санитардык-эпидемиологиялык тейлөөдөн өткөрүүгө көңүл бурулууда.

Жалал-Абад облусунда 4 760 квадрат метр жер инфекциядан арылтылса, Ош облусунда 6 322, Ош шаарында 13 600 квадрат метр жер санитардык тазалоодон өткөн. Андан тышкары иче турган суунун сапатын жакшыртуу боюнча да чаралар көрүлүп, негизги суу түйүндөрү күнү-түнү кайтарууга алынууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG