Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

“Акташ” алтын кенин австралиялыктар иштетет


Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган алтын кенди иштете турчу австралиялык Kentor Gold компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү тастыктады. Аталган компания Кыргызстандын жетекчилиги менен бул боюнча келишим түзгөн. Эми Талас облусундагы “Акташ” алтын кенинде геологиялык иликтөө иштерин жүргүзүш үчүн австралиялык компания 400 миң доллар жумшамакчы. Аталган иликтөө бүткөн соң Kentor Gold компаниясы “Акташ” алтын кенин иштетүүнү улантуу же улантпоо тууралуу чечим кабыл алат.

Аталган компания “Акташ” кенинен анча алыс эмес жайгашкан “Андаш” алтын кенинин 80 пайыз акциясын да сатып алган. Бирок учурда “Андаштын” дагы 10 пайыз акциясын сатып алуу иштери бүтпөй аткандыктан иш кечеңдөөдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG