Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Жогорку Кеңештин жанында митинг өтүүдө


“Мекенди тазалоо” кыймылы уюштурган митингде жүздөн ашуун адам президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаевдин кызматтан кетүүсүн, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчисине Топчубек Тургуналиевди кайра дайындоо, ЕККУнун полиция күчтөрүн түштүккө киргизбөө талабы коюлууда.

Бул маселе боюнча президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми 22-июлда кызматтан алынган Топчубек Тургуналиев, анын кызматтан кетирүүгө үчүнчү күчтөр кызыкдар болгонун жана коррупциялашкан токой чарбасындагы системаны сындырууга жаңы бийлик тарабынан колдоо болбогонун билдирген. Т.Тургуналиевдин ордуна Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Мирослав Аманкулов дайындалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG