Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Сузак районунда катылган курал-жарактар табылды


Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери Таалайбек Сусунбаев маалымдаганын Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Сузак айылдык аймагындагы пахта тазалоочу “Сампа” ишканасынан ИЖ-58М автоматы, “Байкал” автоматы, АКМ автоматынын октору, эки бычак жана эки бет кап табылган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматта июнь айында ушул аймактан көп киши өлтүрүлүп, эки адам белгисиз жоголгону белгиленген. (AJ)

XS
SM
MD
LG