Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Германияда эми “Сүйүү парады” өтпөйт


Эки күн мурда өлкөнүн Дуйсбург шаарындагы техно-музыкалык фестивалда туннелдеги тыгында 19 адам тепсендиде калып, көз жумган. Жүздөгөн киши жарадар болду. Германиянын канцлери Ангела Меркел окуяны кылдат иликтөөгө чакырды. "Эмне үчүн фестивалды көрүүгө куштар болгон көптөгөн жаштар мындан өтө жаман таасир алышына жол берилгени, менимче, астейдил иликтениши зарыл, - деп айтты канцлер. - Балдарын ушундай кечелерге жиберип жаткан ата-энелерди мындан ары бул өңдүү кырсык кайталанбай турганына ишендириш керек. Бул өтө жаман, кайгылуу күн болду". Маалыматтарга караганда, фестивалга кеминде 1 млн.400 миң адам чогулган эле.

XS
SM
MD
LG