Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Чубак ажы Жалилов - жаңы муфтий


Кыргызстандык мусулмандар жаңы муфтийлүү болушту.
Кыргызстандык мусулмандар жаңы муфтийлүү болушту.

26-июлда орозого байланыштуу маселелерди кароого чогулган Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңеши жабык жыйында жаңы, туруктуу муфтийди шайлашты. Ошентип 35 жаштагы Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланды.

Ушул жылдын 8-апрелинен бери, Мураталы ажы Жуманов муфтийлик милдеттен өз каалоосу менен кеткенден бери, муфтийдин милдетин аткаруучу болуп үч киши - Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев, Руслан ажы Жумагулов биринен сала бири алмаштырылганы белгилүү.

Ага карабастан талаш-тартыштар дале токтобогондуктан 26-июлда кезектеги жыйынга чогулган уламалар кеңеши жаңы, туруктуу муфтийди шайлоо чечимине келди. Жыйын жабык эшик артында, милиция кызматкерлеринин кароосунда өттү.

Муфтийликке 6 талапкер сунушталып, алардын ичинен Абдышүкүр ажы Нарматов өз талапкерлигин алып койду. Жыйынтыгында уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн көп добушун алган Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланды. Жаңы муфтий “Азаттыкка” оболу мындайча үн катты:

- Адегенде көптөн бери айтылып келаткан муфтиятты реформалоо ишин колго албасак болбойт.

Шайлоодо муфтийликке талапкер болгон, буга чейин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген Руслан ажы Жумагулов мусулманчылык сезимде тургандыгын, ич күйдүлүк жок экендигин, эң негизгиси, таза шайлоо өткөрүп бергендигин айтып келип, эмне себептен муфтий шайлоо жабык эшик артында өткөндүгүнө түшүндүрмө берди:

- Мен мусулмандардын тынччылыгы үчүн, ынтымагын камсыз кылуу максатында милицияга, коопсуздук кызматына, 9-бөлүмгө кайрылгам. Алар болбосо ар түрдүү топтор келип, жыйынды өткөртпөй, шайлоону жүргүзбөй коюшу мүмкүн эле. Түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүшү ыктымал болчу.

Абдышүкүр ажы Нарматов өз талапкерлигин алып койгондугун Чубак ажы Жалиловду колдогондугу менен, анын илимине баа бергендиги менен байланыштырды.

Уламалар кеңешинин жыйыны жабык эшик артында, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда өткөндүктөн сыртта чогулган мусулмандардын көпчүлүгүндө нааразылык арбын болчу. Өзүн Токтобай Назаралиев деп тааныштырган Талас облусунун тургуну буларды белгиледи:

- Мына бул эски уламалар кеңешинин отуруп алып муфтий шайлаганына биз кыжырданып жатабыз. Оболу Кыргызстан мусулмандарынын курултайын өткөрүп, ошол курултайда жети дубан кыргыздын эли жапжаңы уламалар кеңешин шайлаш керек болчу. Анан ошолор муфтийди шайлаганда болмок. Бул жерде отуз жылдан бери тарпка отуруп алгансып эскирип бүткөндөр толо.

Анткен менен жаңы, туруктуу муфтийдин шайланышы менен чыр-чатак токтойт деп үмүттөнгөндөр да арбын. Алар айрыкча Чубак ажы Жалиловдун илимдүүлүгүнөн көп нерсени күтүшөт.

Чубак ажы Жалилов курултайга чейин уламалар кеңешин да жетектейт.

XS
SM
MD
LG