Бишкектеги Эркин экономикалык аймакта ирандык инвесторлор колбаса чыгаруучу завод курушту. Ирандык “Лорд” компаниясы колбаса заводуна 3 миллион доллардан ашуун каражат салган. Аталган компания тараткан маалыматка ылайык, ирандык завод адалданган эттен гана колбаса жасамакчы. Бул завод күнүнө 10 тонна колбаса чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. План боюнча аталган завод өндүргөн колбасалардын 70 пайызы экспорттолмокчу.
Айта кетсек, Бишкектеги Эркин экономикалык аймакта 78 компания катталган. (IJz)
Айта кетсек, Бишкектеги Эркин экономикалык аймакта 78 компания катталган. (IJz)