Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Израил “Хезболланын” Ливандагы обьектилерине сокку урушу этимал


Израил мындай чарага “Хезболла” өлкө шаарларын ракетадан аткыласа барарын коргоо министри Эхуд Барак эскертти. Ал мындай билдирүүнү Вашингтондо АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон менен кездешкен соң жасады. Кабарчылар Эхуд Барактын сөзүн комментариялоону сурап, Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроулиге кайрылышканда, ал Израил өзүн-өзү коргоого акылуу, бирок Вашингтон ракеталык аткылашуулардын эмес, тынчтык сүйлөшүүсүнүн күбөсү болгонду кааларын айтты.

Израил-Ливан мамилеси ливандык активисттер Газадагы палестиндерге гумжардам жөнөтүүгө чамынып жатканы жөнүндөгү кабардан кийин осолдоп кеткен. Газа акыркы үч жылда Израилдин камалоосунда.

XS
SM
MD
LG