“Ал-Каиданын” Түндүк Африкадагы канаты гуманитардык миссиянын кызматкери Мишель Жерманону Сахара чөлүндө уурдап кетип, тындым кылганын Франциянын президенти 26-июлда ырастады. Саркозинин билдиришинче, 78 жаштагы карыя 24-июлда Малинин түндүгүндө өч алуу иретинде өлтүрүлгөн. Жергиликтүү бийликтин өкүлүнүн айтымында, “ал-Каидачылар” абышканы мууздап, башын алышкан. “Ал-Каида” өткөн жумада алардын Малидеги базасына мавританиялык жана франциялык күчтөр жасаган жортуул учурунда окко учкан алты согушчандын өлүмү үчүн Жермонудан өч алынганын билдирди.
Президент Саркозинин сөзүнчө, коргоо жана тышкы иштер министрлерине “ал-Каидага” каршы тийиштүү чара көрүүнү буйруган.