Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Ысык-Көл: ыңкылапта тийген октон көз жумган Бедел Чаргыновдун сөөгү жерге берилди


Элдик көтөрүлүштө Ак үйдүн алдынан көкүрөгүнө ок тийген Бедел Чаргынов Бишкектен жакшы боло албай Москва шаарына дарыланууга кеткен эле. Ал 17 жолу операция болгонуна карабай 39 гана жашында көз жумду. Бедел Чаргынов атасы кайтыш болгондон кийин Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы агасы Камилдин колунда чоңоюп, кийин Чүйгө көчүп кеткен. “Маркумдун сөөгүн Чүй облусунун губернатору 50гө жакын автоунаа менен коштоп келип, Алмазбек Атамбаев Чаргыновдун сөөгүн «Ата-Бейтитке» коюууну сунуштаганын айтты, бирок маркумдун керээзи боюнча ал чоң атасынын жанына коюлду,” - деп белгиледи Сагынбек Абрахманов. Акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө Президенттик администрация башчысы Э.Каптагаев, ички иштер министринин орун басары К.Кадыров баштаган өкүлдөр катышты. Жакындары менен айылдаштары Бедел Чаргыновдун ысымын айылдык мектепке ыйгарууну сунуштады. (RB)

XS
SM
MD
LG