Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

“Мыйзамдын үстөмдүгү үчүн” ЕККУнун полиция тобуна каршы


Бул туурасында «Азаттыкка» аталган биримдиктин өкүлү билдирди. Оштогу онго чукул бейөкмөт мекеменин башын бириктирген бул биримдик Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция күчтөрүнүн түштүккө киргизилиши ансыз деле жарандык коомдун опурталдуу мамилелерин ого бетер татаалдаштырат деп тынчсызданууда. “Мыйзамдын үстөмдүгү үчүн” биримдиги ЕККУнун Югославия жана Грузиядагы улуттар аралык тирешүүлөрдү жөнгө салуу аракети оңунан чыкпаганын, Косово, Абхазия жана Түштүк Осетия өңдүү эгемен мамлекеттерди жаратып, Кавказда, Балканда чыр-чатактарды ырбатканын ырастайт. “Кыргызстанда кырдаал толук турукташмайынча ЕККУ бул программасын токтото туруусу кажет” деп эсептейт “Мыйзамдын үстөмдүгү үчүн” жарандык биримдигинин өкүлү

Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун Оштогу кеңсесинин башчысы Хюго Карлсон маселе чечилип калгандыгын, ошентсе да жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өтүнүчү ЕККУнун жетекчилигине сөзсүз жеткирилерин билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG