Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:14

Марадона Аргентинанын тандалмасын машыктырбай калды


Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча улуттук командасын мындан ары машыктырбайт. Өлкөнүн футбол ассоциациясы Марадона менен 21 ай мурда түзүлгөн келишим токтотулганын маалымдады. АФА Марадонага 2014-жылкы дүйнөлүк чемпионат бүткөнгө чейин деп, 4 жылдык келишим сунуш кылган. Бирок ал үчүн Марадона жарадамчыларынын айрымдарын, анын ичинде жакын досу Алесандро Манкусону алмаштырыш керек болчу. Бул талапка Диего Марадона көнгөн жок.

XS
SM
MD
LG