Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

И.Масалиев: Кыргызстанда парламенттик шайлоо таза өтпөйт


Бул тууралуу Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев бүгүн “Кыргызстандын кайра жаралуусу - парламенттик шайлоо аркылуу” форумунда билдирди. Анын айтымында, парламенттик шайлоодо кооптуу жагдай түзүлүшүнө Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине жетекчи дайындоонун айланасындагы болуп жаткан эки топко бөлүнүп нааразылык акциясынын өтүшү мисал боло алат.

Ал ошондой эле Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү дагы эле бийликтен кетпей жатышы Кыргызстанда азыркы түзүлгөн кырдаалга таасири тиерин белгиледи. “Өлкө аймагына тарап кетен 2 миңдей курал парламенттик шайлоонун жыйынтыгында кайсы бир жерде атылып кетүү коркунучу бар” деди И.Масалиев.

Парламенттик шайлоо кооптонууну жаратарын “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да белгилешти. (AJ)

XS
SM
MD
LG