Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

А.Бекназаров: Интерпол К.Бакиевдин үй-бүлөсүн кармоого көмөк көрсөтө элек


Бул тууралуу бүгүн Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиев үй-бүлөсү менен Түркияда экендиги, Жаныш Бакиевди да Түркияда же Таджикстанда деген божомолдор айтылууда.
“Биз Интерполго аларды кармап берет деп үмүт артканбыз. Тилекке каршы биз тараптан изделип жаткан адамдарды кармоого эл аралык кызмат жардам бере алган жок”,-деди А.Бекназаров.

Ал ошондой эле жакында Түркиядан келген кыргыз делегациясынын иш сапары тууралуу маалымат берип, Түркиянын күч структураларынын жогорку жетекчилери менен жолугушуп, бир катар сүйлөшүүлөргө жетишишкенин белгиледи.

А.Бекназаровдун маалыматына караганда Түркия өкмөтү Кыргызстандын 51 миллион карызын кечүү боюнча маселени карашы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG